Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Табигый эмес, тубаса эмес, чыныгы эмес, адам колунан жаралган, атайын жасалган. Мындай жасалма көлмөлөрдү жергиликтүү калк хауз деп атайт (Абдукаримов). Балдардын колунан тургузулган жасалма дөбөчө (Каимов). Күч менен чыккан жасалма күлкү, кошомат күлкүсү (Сыдыкбеков).

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

жасалма жаңылыктар – финансылык же саясый пайда табуу максатында социалдык медиалар же салттуу медиалар аркылуу жүргүзүлгөн пропаганда, маалыматтык мистификация же дезинформация. Окурмандарды көбөйтүү үчүн жасалма жаңылык жаратуучулар чуулгандуу темаларды колдонушат же окуяларды толугу менен ойдон чыгарышат. Пайда жарнамадан түшөт. Жеңил табылган жарнама кирешеси, коомдун саясый уюлдашуусу жана социалдык медиалардын жеткиликтүүлүгү жасалма жаңылыктардын массалык тарашына шарт түздү. Сайттардын анонимдүү хостиңи анонимдүү жана псевдонимдүү авторлорду жарыялары үчүн мыйзам чегинде жоопко тартууну татаалдаштырат.

 фальшивые новости

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Жасалма интелекттүү (ЖИ) виртуалдык жардамчылар (ВЖ) адатта интернеттеги булут серверлеринде жайгашкан програмдар. ВЖ интернетке туташкан түзмөктөр жана колдонмолор аркылуу иштейт. Кененирээк мындан окуңуз!

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Жасалма интеллект (ЖИ, AI, жасалма акыл) - компүтердик системдердин (машинелердин) же програмдык камсыздоонун интеллекти.  Бул компүтердик илимдин акылдуу машиналарды өнүктүрүү жана жана изилдөө тармагы. Кененирээк мындан окуңуз!

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Машиналык үйрөнүүдө, жасалма нейрон желеси (artificial neural network, искусственная нейронная сеть) –  жаныбарлардын мээсиндеги биологиялык нейрондордун туташуу жолдоруна окшоштуруп түзүлгөн модел. Кененирээк мындан окуңуз!